• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мамлекеттик катчы тууралуу жобо бекитилди

26 Аяк оона 2021 9:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен өлкөнүн мамлекеттик катчысы тууралуу жобону бекитти. Бул тууралуу маалымат Юстиция министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Жободо мамлекеттик катчынын милдеттери, ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн. Ага ылайык, мамлекеттик катчы жеке президенттин карамагындагы кызмат адамы болуп саналат. Ал Баш мыйзамдын жана башка ченемдик-укуктук актылардын чегинде иш алып барат. Мындан сырткары, президенттик администрациянын, министрлер кабинетинин, мамлекеттик органдардын аппараттык түзүмдөрү, эл аралык, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен иштешет.

Белгилей кетсек, аталган кызматка президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Чолпонбек Абыкеев 2021-жылы июль айында дайындалган.

Количество просмотров: 238