Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV
Быйылкы жылы кыргыз балет өнөрүнүн чыныгы ээси, бийчи, эл аралык хореографиялык искусство конкурстарынын жеңүүчүсү, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз ССринин эл артисти, Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгынын ээси Чолпонбе́к Базарба́ев 70 жашка чыкмак.
Балет өнөрүнүн устаты болгон Чолпонбек Базарбаев Советтер Союзунун бардык шаарларында жана Дания, Швеция, Германия, Польша, Португалия, Италия, Швейцария, Румыния, Венгрия, Югславия, Сирия, Тунис, Ливия , Турция, Никарагуа сыяктуу өлкөлөрдүн бардыгында болуп, өнөрүн тартуулаган.

Ал «Саманчынын жолу», «Чолпон», «Спартак», «Жизель» жана башка балеттерде башкы ролдорду ойногон. Ал ошондой эле «Данакер» орденинин, эл аралык Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын, Япония мамлекетинин эл аралык «Мин-Он» музыкалык сыйлыгынын ээси, АКШнын Батон-Руж жана Гринвилль шаарларынын ардактуу атуулу болгон.