• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чубак ажы: Эрежени сактабай вирус жуктургандар кыяматта күнөөкөр болушат

15 Чын куран 2020 0:05 Бишкек Govori.TV

Эрежелерди сактабай коронавирус жуктургандар кыяматта жоопкер жана күнөөкөр болушат. Бул тууралуу Govori.TVнын түз байланышында Чубак ажы Жалилов билдирди.

«Тажы илдетинен сактануу боюнча шарият эки багытта багыттама берет. Биринчиси албетте, дубалар. Экинчи тарабы бүгүнкү күндө дарыгерлер айтып жаткан коопсуздук эрежелерин сактап, эл чогулган жерге барбоо, оору чыккан жерден качып чыкпаш керек. Бул боюнча пайгамбарыбыздын хадисинде дагы айтылган. Ал эми ушундай кырдаалда намаз окуу үчүн мечиттерге чогулбай,  тазалыкты сактоо шариятка туура келет.  Эгерде кимдир бирөө тобокелге салып, мусулманчылыкта боло берет деген жүйө менен беткап тагынбай, эл чогулган жерге барып ооруну жуктуруп ала турган болсо, кыяматта жоопкер жана күнөөкөр болушат»,-деди Чубак ажы Жалилов.

Количество просмотров: 469