Бул тууралуу анын жактоочусу Акин Токталиев билдирди.
«Бишкек шаардык милициясы Чубак ажы Жалиловду Ысык-Көлдө эс алып жүргөн жеринен коштоп алып келип, менин катышуумда алты саат сурака алды. Чубак ажы Алматыга дарыланууга бармак. Бирок аны изделүүдө жүргөнүн айтып, “Ак Жол” чеке ара посту өлкөдөн чыгарбай койду деди”-Акин Токталиев.
Эскерте кетсек диний аалым Чубак ажы Жалилов мындан бир нече күн мурда экинчи аял алгандыгын жарыялаган. Бул маалымат коомчулукта кызуу талкууга алынып, айрым укук коргоочулар диний ишмерге кылмыш ишин козгоону талап кылышкан. Чубак ажы Жалилов болсо менин аялдарым арыз жазбаса кылмыш жоопкерчилигине эч ким тарта албайт деп айтып келген.