Бишкек.22.12.17.Govori.TV
Диний ишмер Чубак ажы Жалилов кайрадан элдин сынына кабылды. Бул жолу социалдык тармактарда анын аялды алдап койсо болот, аларга жылуу сөз эле керек деген видеосу пайда болду.
Анын айтымында эгер күйөөсү аялына чыныгы эркек катары жакса анда аялы канча кыйынчылык болсо дагы аялы кетпейт экен.
“Аялдар кулагы менен сүйүшөт. Эркектердин милдети аялдардын жакшы көргөн жылуу сөздөрүн гана айтып көңүлүн көтөрүш керек. Болгондо да аларды көбүрөк макташ керек. Мен ажырашып кеткен үй-бүлөдөн көбүнчө эркектерди күнөөлөйм. Алар аялын эркелеткенди билбеген эркектер. Анткени жараткан эркектерге аялдарга караганда эки эсе көп акыл берген, ал эми аялдарга эркетерге караганда эки эсе көп эмоция берген”, -дейт экс-муфтий.
Мындан сырткары эркектер аялдардын эмоциясы менен ойногонду билиш керек. Бул дагы өзүнчө бир искусство деген.
Эске сала кетсек, буга чейин Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганын айткан видео тасма социалдык баракчалрга жайгаштырылган. Бул айтканы коомчулукта катуу талкууга алынган. Ал ортодо муфтийдин биринчи аялы “Сезим” кризистик борборуна жардам сурап арыз жазып кайрылганы туурасында маалымат дасоциалдык баракчаларга жайгаштырылган. Бул боюнча атайын милиция кызматкерлери муфтийди суракка чакырып, бирок кылмыш ишин козгогонго себеп табышкан эмес.
24Kg