• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Чубак ажынын аялынын арызы. Чынбы же жалганбы?

9 Бештин айы 2017 9:19 Бишкек Govori.TV

Кечээ кечтен бери интернетке Чубак ажы Жалиловдун аялы  “Сезим” кризистик борборуна арыз жазды деген маалымат тарады. Атүгүл айрым сайттар арыздын нускасын чыгарып жиберишти. Арызда  Жалилилова Гулнур Турдалиевна, жубайы Чубак ажы Жалиловдон коркуп жатканын, анын тапанчасы бар экенин, балдарга чычкандын дарысын берип өлтүрөм деп жатканын жазган.

Бирок көпчүлүк бул  жөн гана “фейк” маалымат экенин айтышууда. Себеби арыз жазуучунун аты менен жашаган жери гана туура болбосо, бир нече ката менен жазылган. Аны тажрыйбалуу тергөөчүлөр дароо байкайт. Арыздануучунун колу дагы башка кагазга коюлган.

Бул арыз тууралуу Чубак ажы Жалилов үн ката элек. “Сезим” кризистик борбору менен байланышуу дагы мүмкүн болбой жатат. Арыз чын эле Чубак ажы Жалиловдун аялынын атынан жазылганбы же башка бирөө жазып, интернетке салып койдубу? Аны тактоого  журналисттер аракет кылып жатышат.

Количество просмотров: 27