• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Чубак ажынын катуулаган дүбүртү

16 Үчтүн айы 2018 18:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.2018.Govori.TV Марат Тагаев

Токол алгандыгын жарыялап, башкаларды да токол алууга чакырган белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов укук коргоо органдарынын сурагынан соң көздөн далдоо болуп кеткен менен бул жумада кайрадан жаңылыктардын башкы сабына чыкты. Алгач дин аалымы Жогорку Кеңеш депутаттары Элвира Суравалдиева менен Аида Касмалиеваны сотко бере тургандыгы кабарланган менен кийин бул маалымат четке кагылды. 14-январда болсо  Кызыл-Кыя шаарына барган Чубак ажыны 15 миң адам тосуп алгандыгын бир катар маалымат сайттары жазып чыкты.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алгандыгы тууралуу билдирүүсүнөн соң  Жогорку Кеңеш депутаттары, укук коргоо органдарына кайрылуусу мамлекеттик органдардын кат алмашуусуна айланганын билдирди. Жогорку Кеңеш депутаттары катты Башкы Прокуратурага жиберсе башкы көзөмөл органы ички иштер министрлигине жиберген.

 —“Менин Жогорку Кеңешке жазган катымды Башкы Прокуратурага жолдоп, алар ички иштер министрлигине жөнөтүп айланма ойноп жатышат. Бирок, кеп Чубак ажыда дагы эмес , анын эки аял алганында дагы эмес. Ал киши менин балам менен тең экен. Кеп башкада болуп жатат. Кечээ Кызыл-Кыяга барып 15 миң адам менен жолугушту. Депутаттардан, бийликтегилерден сурасаңар, азыр Сооронбай Жээнбеков же Сапар Исаков болобу бийликтегилерден кимиси барса 15 миң адам даяр болуп күтүп алабы? Биз кайсы жакка кетип бара жатабыз, кайсы жакка ыктайбыз? Эртеңки күнү биздин балдар конституция менен жашайбы же шарият менен жашайбы? Эгер кичинекей Кызыл-Кыя шаарында 15 миң адам күтүп алып жатса, кичинекей баладан башкасы бүт келиптир да. Бул деген Кыргызстанда расмий бийликке караганда диний аалымдардын авторитети чоң  дегенди билдирет да. Дагы бир-эки жылдан кийин кайсы жакка багыт алабыз? Кыргызстан дагы бир жолу солк эте турган болсо радикалдуу маанайдагы адамдар бийликке келбейт деген кепилдик жок азыр. Жогорку Кеңеш бир да жолу чогулуп кимдин  экинчи аялына нике кыйыптыр деп айта албай жатпайбы. Демек, баары мурдунан кайырмакка илинип калган  да. Мен Чубак ажыны душман көрөйүн деген оюм жок. Кыргызстандын эртеңине кабатыр болуп жатам”.

Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрага орун басары, генерал-майор Артур Медетбеков акыркы жылдары диний ишмерлер социалдык тармактар аркылуу таасирин кеңейтип жаткандыгын айтат. Жолугушууга миңдеген адамдарды чогулта алган дин аалымдары ак менен катар караны айткан кээ бир диний экстремисттерди четке кагып, туура позициясын айтып үгүттөп жүрсө жакшы, бирок койнунда котур ташы барларды укук коргоо органдары көз салып туруш керек дейт.

-“Бүгүн Кыргызстанда дин маселеси өтө орчундуу орунду ээлейт.  Акыркы жылдары ислам динине берилип, анын суннит багытына кызыккандар өтө көбөйүүдө. Буга социалдык тармактар да өзүнүн таасирин тийгизип жатат. Акыркы убакта Кыргызстанда мектепке караганда мечит, медреселер көбөйүп кеткен. Бирок кептин бардыгы алардын санында эмес, алардын элге тийгизип жаткан таасиринде.  Таасир жагынан алып караганда көп учурда ыймандуулукка, тынчтыкка чакырган аракеттерди жасап жатышат, бирок ошонун арасында  ар кандай диний экстремисттик уюмдарга чакырып кеткен учурлар бар. Ошондой эле идеологиялык жактан аралашып, социалдык тармактар аркылуу таасир көрсөтүү аракетин көргөн аалымдар да бар. Демек, бүгүнкү күндө диний экстремизмдин өрчүү коркунучу реалдуу. Динге ишенген, ислам дининдеги адамдар чоң имам, мурдагы муфтий болгон аалымдар менен жолугушууга, сүйлөшүүгө абдан көп чогулуша турган болду. Алар бир нерсени билейин, түшүнөйүн деген ниетте жолугушу мүмкүн. Кыргызстандагы диний аалымдар, имамдар ак менен катар караны колдогон кээ бир диний экстремисттерди четке кагып, туура позициясын айтып үгүттөп жүрсө жакшы. Бул жерден ар кандай ой пикирлерди жаратпаш керек, коомчулукту провокациялык багытка алпарбаш керек. Ушул эле багытта укук коргоо органдары көз салып жакшылап байкап туруш керек».

Жогорку Кеңеш депутаты Исхак Масалиев дин аалымы менен жолугушууга элдин көп топтолуу себеби,  биринчиден анын айткан сөздөрү жагымдуу, түшүнүктүү, экинчиден жолугушууга баргандардын билиминин төмөндүгү деп бааласа болот дейт. Депутат Чубак ажыны азыркы учурдагы популярдуу адамдардын катарына кошту.

-“Эл топтолгону эмненин белгиси — ушул адам жагымдуу, айткан сөздөрү түшүнүктүү. Бирок дин тегерегиндеги мындай нерсе жеке мени бир топ ойлондурат. Демек мамлекет органдары элине жакшы, жөнөкөй түшүндүрмө  бере албайт экен. Экинчиден, кээ бирөөсү таарынса таарына берет, бирок билимдин төмөндүгүнүн белгиси деп бааласа болот. Коркунуч бир нерседен бар. Динде бирлик жок, ар кандай багыттар бар. Молдолордун арасында талаш, көрө албастык жок эмес, алар да пенде эмеспи? Биздин балдарда кыргыз мүнөзүнө туура келбеген сапаттар пайда болот. Жүздөгөн жигиттерибиз Сирияга барып, согушка катышат. Эмне максаты? Ким үчүн? Кан көргөн, бирөөнүн  өмүрүн  алган адам үйүнө кайтып келип ошондой иштерди кайталабайт деп ким кепилдик берет? Биз кыргыз элбиз, улутубузду сактасак, динди мамлекет жана саясатка кошпосок туура болот деймин. Ал эми ажы иним бугун популярдуу киши болду”.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болгон. Ал  2015-жылкы парламенттик шайлоодо бир партияны колдогону айтылып жүрсө, 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго ачык үгүт жүргүзгөн. Өткөн жылы АКШга барып бозгундагы түркиялык дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен жолугушуп келген.

 

 

 

Количество просмотров: 25