• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чукул кабар. Аалымдар кеңеши коронавирустун жайылышына байланыштуу бир нече чектөө киргизди

13 Жалган куран 2020 22:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар

Бүгүн, 13-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын чукул жыйыны өтүп, анда коронавирустун (COVID-19) инфекциянын дүйнөдө пандемиялык деңгээлге чыккандыгына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында диний, маданий жана башка массалык иш чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө төмөнкүчө чечимдер кабыл алынды:

Коронавирустук инфекциянын пандемиялык деңгээлге чыккандыгына байланыштуу өлкөдө эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында:

  1. Мечиттерде жана башка жайларда диний, маданий өңүттөгү массалык иш чараларга, окуу кружокторго, конференцияларга, семинарларга убактылуу чектөө киргизилсин.
  2. Жума намазга чейинки баяндарга убактылуу чектөө киргизилсин, зикир жана дубалар убактылуу кыска окулсун.
  3. Даават иштери боюнча тиешелүү чектөөлөр киргизилип, түшүндүрүү иштер жүргүзүлсүн.
  4. Сыркоологон адамдарга жана ден соолугу начар карыяларга мечитке келбей туруу сунушталсын.
  5. Мечиттер жана диний окуу жайлар тез-тез дезинфекциялоодон өткөрүлсүн.
    6.Мечиттин ичинде жана сыртында кол алышып саламдашуу, кучакташып учурашуу учурдагы кырдаалдан улам кооптуу экендиги эскертилсин.
  6. Ачык жана жабык типтеги диний окуу жайларды каникулга чыгаруу өлкөдөгү жалпы абалга жараша ишке ашырылсын.

Эскертүү: Кырдаалга жараша чечимдер да өзгөрүүсү мүмкүн же кооптуу абал жоюлган соң убактылуу чектөөлөр алынып салынат.

Количество просмотров: 8626