• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чукул кабар: ӨКМ күн адаттан тыш ысый турганын кабарлайт

5 Теке 2021 10:28 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда 5-8-июлдарда күн адаттан тыш ысый турганын билдирди.

Ага ылайык, 6-июлга чейин абанын табы күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 40, Таласта 38 градуска чейин жогорулашы мүмкүн. Ал эми 7-8-июлдарда абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 41, ал эми Таласта 39 градуска жетиши ыктымал.

Аталган министрлик мындай аба ырайынын кесепетинин алдын алуу үчүн тиешелүү мекемелерге алдын ала маалымат таратылганын билдирди. Ошондой эле жарандарды СМС, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу сак болууга чакырган.

Количество просмотров: 1187