• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Чукулап эле олтурасыңар!». Ташиев депутат Бекешевге нааразы болду (видео)

13 Тогуздун айы 2021 13:35 Бишкек Govori.TV

Улуттук кооопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин жыйынында депутат Бекешевдин сөзүнө жооп берип жатып, анын «жөнү жок эле сындай бересиз» деп айтты.

Өз сөзүндө коррупция менен күрөшүүдөн 7,5 млрд сом чогулган.

«Коррупция менен алектенип жүргөндөрдүн баарын жоопко тарттык, дагы тартабыз. Мени менен бирге тойго, Куран окутууга барса да, коррупциялык иштерди жасагандын баарын жазага тартабыз. Эгер сиз дагы мыйзам бузсаңыз, жоопко тартабыз. Мен тойго «бирөө» менен барган болсом эле, аны менен достошуп кеттим дегенди түшүндүрбөйт. Мен жыл ичинде бир эле жолу тойго бардым, анда силер айтып жаткан Матраимов менен чогуу отурган жокмун. Чогуу отурсам да, бул жаман деп ойлобойм. Анткени Матраимов башкаларга караганда, 2 млрд сом бюджетке төлөдү. Аны эч ким калкалаган жок», — деди Ташиев.

Депутат Дастан Бекешев өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүп жүргөндөр жемкорлукка баргандар менен чогуу тойго барып жүрүшкөнүн сындаган.

Өткөн жумада Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашевдин баласынын үйлөнүү тоюна УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да барганы айтылган. Андагы сүрөттөрдөн коррупция менен айыпталган Райымбек Матраимовду көрүүгө болот.

Количество просмотров: 5993