Бүгүн, 15-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурум ачык өтө баштады.
Сотко Камчыбек Ташиев келди, бирок ал журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.
Эске салсак, ИИМ ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүп келаткан. 11-июндагы отурумда айыпталуучулардын адвокаттарынын сот процессти ачык өткөрүү өтүнүчү канааттандырылган.