Бүгүн, 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы процесске “75чилердин каты” деп айтылган иш боюнча отурум уланды.
Соттук отурумга УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.
Ошондой эле отурумга ЖКнын экс-депутаты Курманкул Зулушев жана ЖКнын мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу келди.
Белгилей кетсек, буга чейинки 18-июндагы отурум айыпталуучулардын бири Эмилбек Узакбаевдин сотко келбегени үчүн жылдырылган болчу. Судья анын ден соолугу боюнча тергөө абагынын дарыгеринин аныктамасын окуп, кан басымы жогору жана деми кысылып, алсырап жатканын белгиледи.