• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чуу жараткан жаңы асфальт. Бишкектин ортосундагы аялдаманын алды кайрадан жасалмай болду

24 Кулжа 202411:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманын алдына төшөлгөн асфальт жарабай калды. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси жана жарандык активист Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Териштирүү иштерин жүргүзүү керек. Мындай фактыларга көңүл бурбасак, алдыда кайталана берет»,-деген Ибрагимов.

Ал эми «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Аялдаманын астынан өткөн түтүктөрдө жаракалар пайда болуп, андан суу жолдун түбүнө агып чыгып, асфальттын үстүн да бузуп кеткени аныкталган. Жеринде бригада иш алып барууда. Жакын арада асфальттын үстүн калыбына келтирүү пландалууда. Белгилей кетсек, тротуарды кеңейтүү иштери 2023-жылдын 15-майында аяктаган. Бул көчөнү реконструкциялоо 2024-жылга пландалган (бүгүнкү күндө башталган). Төшөлгөн асфальттын калыңдыгы 7 см болгон»,-деп жазылат маалыматта.


Эске салсак, өткөн жылы Бишкектеги Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бардык күркөлөр бузулуп, коомдук бакча курулган.

Количество просмотров: 328