• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чуусу бүтпөгөн “Кумтөрдүн” келечеги бүдөмүк

14 Бугу 2021 18:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенине Министрлер кабинети сырттан башкаруу киргизе ала турган мыйзам долбоорун кабыл алды. Көп өтпөй Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр голд” компаниясын 261 млрд. 719 млн. 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирди.

Ал эми Кыргызстандагы эң ири алтын кенине байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия 12-майдагы жыйынында «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстанга төлөп бериши зарыл деген төлөмдөрдүн жалпы суммасын жарыялады.

Комиссия өз корутундусунда сөз болуп жаткан компания Кыргызстандын саясатына да кийлигишип жүргөнүн билдирди.  Жапаровдун айтымында “Центерранын” акчасы 2011-жылкы президенттик шайлоого жумшалган.

Көп узабай ага жооп берген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “курулай эле кара көө жаап, далилсиз маалымат таратты” деп сыпаттады.

Ал арада Кыргызстандагы соңку чечимдерге байланыштуу Кенди иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы эл аралык сотко кайрылышы мүмкүн экендиги тууралуу кептер айтылды. Муну менен катар, доо коюлуп жаткан каражат толугу менен өндүрүлө алабы деген суроо да козголду.

Айрымдар бул аракет такыр эле ишке айпай турганын жана Кумтөрдөн акча өндүрүү сунушу аткарылбай туранын айтышса, ал эми ЖКнын экс-төрагасы Ишенбай Кадырбеков доо коюлуп жаткан каражатты төлөтүү мүмкүн деп эсептейт.

Кумтөр кенинин айланасында баштан бери эле чоң күмөндүү жагдайлар бар экенин айткан экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров соттошуу маселесине кесипкөй адистер тартылышы зарыл деп эсептейт.

Кумтөр алтынан кени Кыргызстандын ички дүң өңүмүнүн 10% ашыгын камсыз кылат. 1997-жылдан бери бул кенде 400 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлгөн.

Алгач “Кумтөр” алтын кен долбоорунун 67% ээлик кылган Кыргызстандын үлүшү улам келген бийлик менен азайып олтуруп, кыргыз тараптын үлүшү 26,5% түшүп кеткен. Муну менен катар кендеги алтындын запасы да аз калгынын айтышууда.

Бул маселе эксперттердин да кызуу талкуусуна алынган. Айрымдардын айтымында сырттан башкаруу укугун киргизүү менен кен казуу иштерин да токтотуу маселели козго сырттан башкаруу укугун киргизүү менен кен казуу иштерин да токтотуу маселели козголот.

Кошумчалай кетсек, соңку бир апта ичиндеги Кумтөрдүн айланасындагы окуялардан улам “Центерранын” Торонто биржасындагы акциялары дээрлик 30% арзандап кеткени айтылууда.

Ал эми Кана данын жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтери Кумтөр кенине байланыштуу биргелешкен билдирүү таратты. Анда аталган эки өлкө Кыргызстандын маанилүү инвестициялык өнөктөшү экени белгиленип, тоо-кен тармагына байланышкан акыркы окуяларга тынчсыздуусун билдирген.

Ал эми бүгүн, 14-майда мамлекет башчынын басма сөз кызматы президент Садыр Жапаров «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгонун кабарлады. Муну менен  “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди.

Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири “Кумтөрдүн” тагдыры учурда ар кыл пикирлерди жаратып, келечеги бүдөмүк болууда.

Количество просмотров: 276