• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чыңгыз Абдраевдин өлүмүнө байланыштуу камакка алынган кайгуулчулар бошотулду

17 Жетинин айы 2021 17:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кайгуул кызматкеринин огунан каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө байланыштуу кармалган кайгуул милициянын үч кызматкери эч жакка кетпөө боюнча тил каттын негизинде тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы бүгүн, 17-ноябрда билдирди.

Маалымат боюнча, шектүүлөр Н. Абдиев, Э. Базаркул уулу жана А. Бекматов кылмышты жашырган деген шек менен кармалышкан. Алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча райондук соттун токтому 15-сентябрда чыккан.

Ал эми айдоочуну атып салууга шектелип кармалган кенже инспектор Д.Ж. учурда тергөө абагында экенин кабарлады.

Эске салсак, Чыңгыз Абдыраев 27-август күнү Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткенден кийин табелдик куралдын огунан каза болгон. Аны атууга шектелген милиция кызматкери ошол эле күнү, ал эми дагы үч кызматкер эртеси кармалган.

Количество просмотров: 522