• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чыңгыз Айдарбеков Хорватиянын ТИМ башчысы менен жолугушту

11 Бештин айы 201912:15 Бишкек Govori.TV

Брюсселде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Хорватия Республикасынын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Радман менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы күн тартибин, ошондой эле Хорватиянын Европа Бирлигиндеги төрагалыгынын алкагында 2020-жылга биргелешкен пландарды, анын ичинде, Европа Бирлиги-Борбордук Азия жаңы Стратегиясынын алкагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы алдыга багытталган кеңейүүсүнүн жана эл аралык, регионалдык күн тартибинин чечүүчү аспекттери боюнча көп тараптуу аянтчаларда өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Количество просмотров: 90