Чыңгыз Айдарбеков иш-сапар менен Москва шаарына барат
Чыңгыз Айдарбеков иш-сапар менен Москва шаарына барат
25 Тогуздун айы 201814:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.10.2018.Govori.TV
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жума күнү, 26-октябрда Москва шаарына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат катчысы Уланбек Дыйканбаев Говори.ТВге билдирди.
«Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жума күнү, 26-октябрда Москвага жумушчу сапары менен барат», — деди Дыйканбаев.
Бул иш-сапар Чыңгыз Айдарбековдун министр катары чет өлкөгө болгон биринчи сапары болуп эсептелет.
Эскерте кетсек, бир жума мурун парламент прьемер-министр сунуштаган 41 жаштагы Чыңгыз Айдарбековду тышкы иштер министрлигинин талапкерлигине колдогон болчу.