• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чыңгыз Бапаев Алай районунун акими болду

18 Үчтүн айы 202417:44 Бишкек Govori.TV

 Чыңгыз Бапаев Алай районунун акими болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бапаев Чингиз Арстанбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Азамат Кожомамбетов берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 235