• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Чычкан аралап жүрөт делген «Рахат лукум» кафеси жабылды

3 Теке 202315:07 Бишкек Govori.TV

Тамак-ашты чычкан аралап жүрөт делген «Рахат лукум» кафеси санитардык эреже бузууларга байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кафе санитардык эреже бузуулар жоюлмайынча ачылбайт.

Кошумчалангандай, «Калктын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызмат тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо максатында мекемени жабууга укуктуу.

Количество просмотров: 194