Тамак-ашты чычкан аралап жүрөт делген «Рахат лукум» кафесинде эми мышык жүрөт. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү видеого тартып, соцтармактарга жарыялашты.
«Таза карашпайт экен. Кечээ чычкандар жүрсө, эми мышык келиптир», — дейт күбө.
Эске салсак, Рахат лукум» кафеси санитардык эреже бузууларга байланыштуу убактылуу жабылган. Буга тамак-ашты чычкан аралап жүргөнү себеп болгон.