• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

“Чыгыш электрдин” жетекчилиги 20,4 млн сомду мыйзамсыз сарптаган

28 Кулжа 2022 17:34 Бишкек Govori.TV

“Чыгыш электрдин” жетекчилиги 20 млн сомдон ашуун каражатты мыйзамсыз сарптагандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын кызматкерлеринин эмгек маяналары жогору ѳлчѳмдѳ жана коомдун кѳрсѳткүчтѳрү чыгашалуу болгондугуна карабастан, кызматкерлерге эмгек маянадан тышкары ай сайын сый акы тѳлѳмдѳрү жүргүзүлүп, 2021-жылына карата бекитилген суммадан ашыкча 13 млн 601 миң 700 сом мыйзамсыз берилип кеткендиги тастыкталды.

Ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыгы четке кагылып, коомдун бекитилген эмгек акы фондунда үнѳмдѳлгѳн акча каражаты жок болгондугуна карабастан, “Чыгыш электр” ишканасынын жетекчилигинин буйругу менен энергетиктердин майрамына карата 6 млн 890 миң сом дагы мыйзамсыз төлөнгөн.

Жыйынтыгында мамлекетке 20 млн 491 миң 700 сомдук ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Ысык-Кѳл облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 131