• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чылым чегүүнү чектеген жаңы мыйзам сунушталууда

18 Тогуздун айы 2018 10:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.10.2018. Govori.TV
Чылым чегүүнү чектеген мыйзамга толуктоо киргизүүнү депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңешке сунуш кылып жатат.
Анын айтымында бул мыйзам кабыл алынса , биздин элибиздин, айрыкча аялдардын, балдардын ден соолугуна пайда болмок.
Мындай мыйзам мурун деле бар болчу, бирок, анда кээбир жагдайлар каралбай калган. Толуктоо киргизилсе балдар ойногон ачык жана жабылуу аянтчаларда, коомдук транспортто, эс алуучу жайларда, суу жээктеринде, маданий иш-чаралар өткөрүлүүчү, эл көп чогулуучу жерлерде тамеки тартууга толук тыюу салынат.
Мындан сырткары, насыбай, электрондук чылым жана кальянды тыюу жагы да каралган.

Количество просмотров: 32