• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Чымкентте Январь окуялары боюнча 21 кишиге козголгон кылмыш иши кыскартылды

27 Теке 2022 9:48 Бишкек Govori.TV

Чымкент шаардык прокуратурасы Январь окуяларына байланыштуу «жапырт башаламандыкка» айыпталып жаткан 21 кишинин кылмыш ишин кыскартуу чечимин кабыл алды.

Маалыматка караганда, тиешелүү токтом 5-июлда чыгып, мурда айыпталып жаткан кишилерге 25-июлда тапшырылды.

Документке ылайык, ал иштер жабыркагандар менен айыпталгандар өз ара мунаса таап, чыгымдын орду толтурулуп, күнөөнү моюнуна алгандан кийин токтотулган.

«Азыркы шартта соттолбоонун өзү жеңиш», — деди жергиликтүү активист Нурлыбай Татаев.

Чымкентте тынч нааразылык акциялар 4-январда башталып, 5-6-январь күндөрү борбордук аянтта ок атылган. Бийлик тоз-тополоң маалында 20 киши өлгөнүн билдирген. Алардын эң улуусу 37, кичүүсү 17 жашта болгон.

Чымкент шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы 125 кишинин жараат алганын маалымдаган. Жергиликтүү прокуратуранын маалыматына ылайык, жарадар болгон 200дөн ашуун кишинин 72сине ок тийген.

Количество просмотров: 67