• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

“Чынар” базарында адашып жүргөн үч жашар кыз ата-энесине жеткирилди

13 Бугу 202218:04 Бишкек Govori.TV

“Чынар” базарында адашып жүргөн үч жашар кыз аман-эсен үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-май күнү болжол менен саат 14:15те милицияга кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, кичинекей кызды кызматтык унаага салып, жашаган дарегин аныктап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен.

Количество просмотров: 143