• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чыныбай Турсунбеков: Асылбек Жээнбековдун партиядан чыгуусу чечүүчү кадам болду

4 Чын куран 2019 14:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.04.2019. Govori.TV.

Кечээ 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлү Асылбек Жээнбеков “КСДПнан” чыгуу чечимин кабыл алганын расмий түрдө жарыялаган.

Бул тууралуу “КСДП” фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков  “Асылбек Жээнбеков туура чечим кабыл алды. Анын кадамы чечүүчү кадам болду”,-деген пикирин билдирди.

Ушул эле күнү “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын съезди өтүп, анын жыйынтыгында партияга жаңы төрага тандалган. Бир партиянын экиге бөлүнүп турганы коомчулукта көптөн бери эле сынга алынып, келечеги тууралуу түркүн пикир айтылып келет.

Кошумчалай кетсек, 6-апрелде Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдындагы КСДПнын съезди өтөт.

Количество просмотров: 13