• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто телеканал кызматкери жол кырсыгынан каза тапты

3 Кулжа 201915:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.

Ош шаарында Озгур айылына бара жаткан жолдо эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсыгы 1-июнь күнү болжол менен саат 16:30 чамасында катталган. Анда Матиз унаасы менен шаардан Озгур айылына бара жаткандар Мерседес-Спринтер маршруттук такси менен кагышкан. Мындан улам эки унаадан 4 адам жабыркап, ооруканага жеткирилгендердин ичинен 32 жаштагы «Ынтымак» телеканалынын кызматкери көз жумган.

Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери башталганын Ош ШИИБинен билдиришкен.

Белгилей кетсек, каза болгон аялдын артында 5 баласы калды.

Количество просмотров: 57