• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чыныбай Турсунбековдун кыздарына Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси менен иш козголду

19 Теке 202418:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы маркум Чыныбай Турсунбековдун кыздары кармалып, камакка алынганы тууралуу маалымат желдей тарады. Улуу кызы Айдай Турсунбекова 24-августка чейин камакта калып, дагы бир кызы 26-августка чейин үй камагына чыгарылганы маалым болду.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) менен кылмыш иши козголгон. Бирок, бул боюнча кармалгандардын жакындары да, УКМК да маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2022-жылы 24-декабрда “Акун” пансионатына Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы 17,65 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин, 371 миллион сомго бааланган участок мамлекеттке кайтарылганын билдирген.

Айдай Турсунбекова Фейсбук баракчасына “Акун” пансионаты турган жер мыйзамдуу түрдө аукцион аркылуу сатып алынганын жазган.

«Акун» пансионаты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Турсунбеков 2020-жылдын июль айында 60 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Количество просмотров: 504