Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков каза болду. Бул тууралуу Kaktus. media сайты жазды.
Буга чейин депутат Чыныбай Турсунбеков пневмонияга чалдыгып, дем алдыруучу аппаратка туташтырылганы маалымдалган.
Ал 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1985-1988-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын аспирантурасында окуган. 1988-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, филология илимдеринин кандидаты наамын алган. 2004-жылы Тышкы иштер иинистрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Эмгек жолун 1983-жылы «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштөө менен баштаган.
1989-1992 — КМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу, ага окутуучу, факультеттин деканынын орун басары;
1993-1994 — Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү;
1995-1997 — Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы ТИКАнын Кыргызстан боюнча адиси, «Манас-1000» мамлекеттик комитетинин алдындагы «Манас дастаны» филиалынын директору, Түркия боюнча «Азаттык» радиосунун кабарчысы.
1997-жылдан 2010-жылга чейин — «Акун» ЖАКтын башкы директору, «Бишкек ун комбинаты»ААКнын башкы директору, «Кереге» ишканасынын Директорлор кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы;
2010-жылы — Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери;
2015 — КСДП партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы ЖК депутаты. КСДП парламенттик фракциясынын лидери. Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жетекчиси;
04.2016-25.10.2017 — Жогорку Кеңештин төрагасы.
Govori.TVнын жамааты Турсунбековдун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.