• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Чыныбай Турсунбековдун абалы туруктуу экени айтылды

6 Теке 2020 9:24 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун абалы оор деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, учурда анын абалы туруктуу.

«Урматтуу кесиптештер, Азыр эле жубайы менен сүйлөштүм. Кан басымы, дене табы, сатурациясы — баары жакшы. Үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүп жатат. Доктурлардын айтымында, жакынкы күндөрү ИВЛ аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана туруктуу. Алдын ала диагнозу пневмония. Коронавирус инфекциясына карата тапшырган ПЦР-тести таза чыккан. Баарыңыздарга чың ден соолук тилейбиз!», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин депутат Чыныбай Турсунбеков пневмонияга кабылганы жана анын абалы оор экени жөнүндө маалыматтар тараган.

Количество просмотров: 237