Баткен облусунун чек арадагы Төрт-Көчө аймагында электр жарыгы жок. Маалыматты облустук өкүлчүлүктөн ырасташты.
Ушу тапта Ош-Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.
Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.
Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.