• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Cирия армиясы орустардын учагын атып алды

18 Аяк оона 2018 15:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.09.2018. Govori.TV
Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын аба күчтөрү кокусунан орустардын аскердик чалгын учагын Жер Ортолук деңизинин үстүнөн атып түшүрүп, 15 аскер адамы курман болгонун билдирди. Бул туурасында “Азаттык” жазып чыкты.
Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Ил-20 учагы «Израил аскерлеринин жоопкерчиликсиз аракеттеринен» улам Сириянын аба күчтөрүнүн бутасына илингенин билдирди.
Дүйшөмбү күнү кечинде Израилдин төрт истребители, Латакия шаарындагы жайларга Жер Ортолук деңизи жактан сокку урган.
“Интерфакс” агенттиги Москвадагы Израилдин элчилиги Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсү тууралуу комментарий берүүдөн баш тартканын жазды.
Кошумчалай кетсек, он күн мурда Владимир Путин, Режеп Тайип Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеранда жолугуп, Идлибдеги кырдаалды жөндөөгө байланыштуу мунаса таба алышкан эмес. Ал жолугушууда Түркия президенти үч миллиондой калк жашаган аймакка жасалган чабуул кыргынга алып келерин эскерткен.
Сирия өкмөтү провинцияны өзүнө кайтарып алууну көздөп жатканын бир ай мурда билдирген.
Количество просмотров: 17