• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Бомба тууралуу билдирүүлөр. Каттар орус жана украин аккаунттарынан жөнөтүлгөн

19 Чын куран 2023 18:23 Бишкек Govori.TV

Коюлган бомба тууралуу билдирүү бир күн мурун 52 мекеменин электрондук почтасына келген. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркинбек Аширходжаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, маалыматтын бири дагы тастыкталган жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Айбек Шаменов азырынча жалган билдирүүлөр келген электрондук каттардын ээлерин табуу мүмкүн болбой жатканын билдирди.

«Аккаунттар Украина менен Россиянын аймактарында катталган. Биз өнөктөш каналдар аркылуу текшеребиз. Алар бир жолу колдонулуучу электрондук почтаны колдонушкан», — деди Айбек Шаменов.

Белгилей кетсек, бир күн мурун №67, 90, 63, 51 жана 17 мектептерде, БААУ лицейинде, КРСУнун юридика факультетинде, КМТУда жана КР Жогорку сотунда жардыруулар тууралуу билдирүүлөр түшкөн.

Количество просмотров: 98