• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жалал-Абадда жоокер ефрейторду атып алды

13 Чын куран 2021 13:36 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында жоокер кокусунан ефрейторду атып алды. Бул тууралуу Ички коопсуздук аскер кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 13-апрелде эртең мененки саат 07:58де Кара-Көл шаарында жайгашкан 718 аскер бөлүгүнүн Каскад Токтогул ГЭСтерин кайтаруу боюнча кароолунун курамында турган катардагы жоокер Б.К. куралын оксуздандыруу учурунда кокусунан атып жиберген.

“Натыйжада кароолдун башчысынын жардамчысы, ефрейтор Н.И. оң колунан жаракат алган. Учурда анын абалы туруктуу, ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирилген эмес жана Кара-Көл шаардык аймактык бейтапканасында дарыланууда”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 724