Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV
Бүгүн, 21-январда Ак үйдүн алдына Мамлекеттик цирктин артисттери чогулушту. Алар циркте жетекчинин орду бош турганына нааразы болуп, өздөрү тандаган талапкерди жетекчиликке дайындоону талап кылууда.
Нааразы болгон артисттер сахнадагы формаларын кийип алышып, өнөрлөрүн да көрсөтүп жатышат. Ал эми коомдук тартип милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө.






фото: «Культура» (АКИpress)