• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

COVID-19 1 миң 290 адамдан табылып, 10 бейтап каза тапты

15 Теке 2021 10:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 15-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 290 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында – 726, Ош шаарында – 53, Чүй облусунда – 176, Ош облусунда – 72, Талас облусунда – 19, Нарын облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 56, Жалал-Абад облусунда – 55, Баткен облусунда – 115 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 29 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 575, Ош шаарында – 96, Чүй облусунда – 130, Ош облусунда – 40, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 23, Жалал-Абад облусунда – 66, Баткен облусунда – 78 бейтап айыгып чыкты», — дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 813 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 57 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 40 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 52 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 257 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 144 миң 958 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 121 миң 760 киши айыгып чыкса, 2 миң 143 адам каза болду.

Количество просмотров: 146