Бүгүн, 15-апрелде Кыргызстанда дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 449 адамга жетти.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматы боюнча, стационарларда 366 жаран жатат.
«Анын ичинде 11 бейтап оор абалда, алардын жетөө жандандыруу бөлүмүндө. COVID-19 инфекциясына чалдыккан калган бейтаптардын абалы орточо оор же канааттандырарлык деп бааланууда», — деди ал.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус аныкталган 78 адам айыгып, үйүнө чыгарылды.