• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Коронавирус жуктурган 12 бейтаптын абалы оор

18 Чын куран 202010:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 12 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда 371 бейтап жатат.

«Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор болуп, анын алтоо жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 359 бейтаптын абалдары канааттандырарлык жана орточо оор деп бааланууда», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 351