• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

COVID-19: 4 адам амбулатордук дарыланууда

4 Бугу 202210:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 4-майга карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, каза болгондор катталган жок. Илдеттен 1 адам сакайды.

Республика боюнча амбулатордук дарыланууда 4 адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 406 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 79