Бишкек шаарында 6 муниципалдык бала бакчадан коронавирус инфекциясын жуктургандар аныкталып, карантинге жабылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, дагы 19 бала бакча оңдоп-түзөөгө жабылган.Калган мектепке чейинки билим берүү уюмдары кадимки режимде иштешет.
«Урматтуу жарандар! Бишкек мэриясы сиздерден бардык санитардык эрежелерин сактоону суранат, вирусту жуктуруп алгандар барган сайын көбөйүп жатат. Бет кап тагынып, антисептик колдонуп, кеңсени желдетип туруңуздар. Калаада массалык иш-чараларга тыюу салынат», — деп жазылат маалыматта.