• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

COVID-19 дагы 10 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

23 Жалган куран 2022 9:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 23-мартка карата коронавирус 10 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 19 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 88 бейтап, амбулатордук түрдө 69 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 836 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 113 киши айыгып чыкса, 2 миң 982 адам каза болду.

Количество просмотров: 44