• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

COVID-19 дарылоо боюнча бешинчи клиникалык колдонмо чыкты. Ал жерде аконит жок…

19 Чын куран 2021 18:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда COVID-19ду дарылоо боюнча бешинчи клиникалык колдонмо жарык көрдү. Аконит ал жерде жок. Бул тууралуу медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Өлкө, сүйүнчү. Ковидди башкаруу боюнча бешинчи колдонмо жарыяланды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 464 буйругу. Ал жерде аконит жок», — деп жазган ал Барыктабасова.

Колдонмону толугу менен бул жактан окуй аласыз.

Эске салсак, 15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан «бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары» таап алышканын жазган. Аны менен кошо бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган. Видеодогу бөтөлкөлөрдө «уу коргошун» деп жазылган эле.

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга берилип жатканын Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирген. Министрдин бул сөзү медицина тармагындагы эксперттердин жана жарандык коомдун кескин сынына кабылган болчу.

Количество просмотров: 305