• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мыйзамсыз хирургиялык операцияларды жасаган сулуулук салон аныкталды

2 Бештин айы 2023 11:24 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлигинин адистери мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүктү аныктоо боюнча жүргүзгөн рейддердин алкагында мыйзамсыз хирургиялык кийлигишүүлөрдү, анын ичинде липосакция жана блефаропластика жасаган сулуулук салонунун ишин токтотушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү лицензиясы жок орто билимдүү адиске (фельдшер) айып салынды. Ошондой эле, бардык материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 152-беренесинин мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк, ошондой эле лицензиясыз иш жүргүзүү боюнча 218-беренесине ылайык, андан аркы баа берүү жана иликтөө үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.

«Бул чаралар медицина тармагында мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Калктын саламаттыгына кам көрүү, ошондой эле сапатсыз медициналык жардамды болтурбоо максатында Саламаттык сактоо министрлиги медициналык ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы бар жеке медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт» — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 220