• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

COVID-19 илдети менен ооруган медкызматкерлерге дагы 200 миң сом төлөнүп бериле элек

29 Чын куран 2020 18:31 Бишкек Govori.TV

COVID-19 илдети менен ооруган медкызматкерлерге дагы 200 миң сом төлөнүп бериле элек. Бул тууралуу Республикалык Штаб билдирет.

«200 миң жана 1 млн сом төлөмдөрү боюнча атайын комиссия иштеп жатат жана анын чечиминен кийин гана акча каражаты төлөнүп берилет. Бүгүнкү күнгө чейин эч кимге төлөнүп бериле элек», — деди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Исмаилованын айтымында, коронавирус инфекциясы жайылган очоктордо казармалык тартипте иштеген дарыгерлерге күнүнө 2300 сом кошумча төлөнөт.

Ошондой эле орто медперсоналга 2000 сомдон, ал эми кенже персоналга жана башка медкызматкерлерге 1800 сомдон чегерилет. Бирок төлөмдөр иш жүзүндө иштеген күндөргө жараша жүргүзүлөт.

Дарыгерлердин арасында дагы ооругандар эмне себептен көп болууда?

Ооруну жуктуруп алуунун себептери ар кандай болушу ыктымал – бул жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги, жагымсыз шарттар же коргонуу каражаттарын алмаштыруу боюнча нускамаларды аткарбоо жана башкалар. Учурда белгиленген комиссия тарабынан анализ жүргүзүлүүдө, ал Ошто иштеп келди”, — вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Количество просмотров: 90