• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайлоодо талапкерлер канча сом сарптады?

2 Бештин айы 202512:28 Бишкек Govori.TV

БШК 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнүн каржылоосу тууралуу жалпы маалымат таратты.

Анда айтылгандай, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер өз-өзүнчө, ал эми 9 талапкерди көрсөткөн “Ынтымак” саясий партиясы чогуу шайлоо фонддорун түзүштү.

БШКнын сайтында айтылгандай, 29-ноябра карата алынган банктык маалыматтарга ылайык талапкерлердин жана саясий партиянын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшүүлөрдүн жалпы суммасы 1 млрд. 791 млн. сомду түздү, анын ичинде:

  • талапкердин өз каражаттары – 1 млрд. 092 млн. сомду;
  • саясий партиянын өз каражаттары – 3, 797 млн. сомду;
  • жеке жактардан түшкөн ыктыярдуу салымдар – 659,063 млн. сомду;
  • юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу салымдар – 13,208 млн. сомду түздү.

Бул сумманын ичинен 1 млрд 582 млн сом шайлоодогу үгүт иштерине сарпталды. Калган 147 млн сомдон ашыгыраак каражат шайлоо төгүмүн төлөөгө жумшалды.

Количество просмотров: 205