Кыргызстандын аймагында бүгүн, 6-апрелге караган суткада COVID-19 илдетинен (коронавирус жана пневмония) дагы 117 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улукбек Бектурганов билдирди.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 85 388 адам коронавирус менен пневмониядан дарыланды.