Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Өлкөдө коронавирус аныкталгандан кийин 1063 адам көз жумган (башка оорунун кесепетинен көз жумган адамдардын саны кошулган эмес).
Кошумчалай кетсек, жалпысынан Кыргызстанда 44 миң 761 адамдан коронавирус жана пневмония жуктурду, анын ичинен 40 миң 631 киши сакайды.