• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

COVID-19 илдетинин жаңы учурлары катталган жок

2 Бугу 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2-майга карата сутка ичинде COVID-19 илдетинин жаңы учурлары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, илдеттен эки бейтап сакайды, каза болгондор катталган жок.

Республика боюнча амбулатордук дарыланууда беш адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 405 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 76