• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

COVID-19: Ноокатта каза болгон 87 жаштагы жарандын сөөгү жерге берилди

10 Чын куран 2020 13:55 Бишкек Govori.TV

Ноокатта коронавирус жуктуруп алып, каза болгон жарандын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Нурдиновдун айтымында, сөөктү жерге берүүгө саналуу гана адам катышты.

«Каза болгон жарандын сөөгүн жерге берүү үчүн маалым кат берилет экен. Анын негизинде 87 жаштагы жарандын сөөгүн көмүүгө аз эле киши катышты. Ал катышкан кишилердин баары обсервацияга киргизилди», — дейт ал.

Эскерте кетсек, өткөн сутканын ичинде Ноокаттын ооруканасында коронавирустан дарыланып жаткан 87 жаштагы жаран каза болгон.

Количество просмотров: 216