• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

COVID-19: Ооруканада жаткан 279 бейтаптын абалы оор болсо, элүүдөй бейтап өтө оор абалда

17 Үчтүн айы 2022 10:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирустан дарыланып ооруканада жаткандардын арасынан 279 бейтаптын абалы оор, дагы 49 бейтап өтө оор абалда жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, азыр ооруканаларда жалпысынан 836 адам жатат, алардын көбү Бишкекте жана Чүйдө.

Кыргызстанда соңку бир нече күндөн бери коронавирус жугузуп алгандар боюнча статистика жогорулап жатат. 16-январда 874 бейтап аныкталып, беш айдан берки эң жогорку көрсөткүч катталды.

Борбор калаа Бишкек “кызыл зонага” киргени, өлкөдө коронавирустун “омикрон” деген эң жугуштуу түрү катталганы 12-январда маалыма болгон

Количество просмотров: 159