• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

COVID-19: Түркия Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт

9 Теке 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Түркия COVID-19 менен күрөштө Кыргызстанга медициналык каражат түрүндө гумжардам жөнөтөт. Бул тууралуу Түркиянын КРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

«Түркия Республикасы COVID-19га каршы күрөштө кыргыз элине жардам берүүнү улантууда», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Анын алкагында Түркия Республикасынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда төмөндөгүдөй келишим түзүлдү.

Түркия төмөнкү медкаражаттарды Кыргызстанга жөнөтөт:

•жасалма дем алдыруучу аппараты — 20 даана:
•респиратордук беткап (N95) — 50 миң даана:
•хирургиялык маска — 100 миң даана:
•медициналык комбинезон — 35 миң даана:
•жүз коргогуч — 2 миң даана:
•SARS-CoV-2 (2019-nCov) RT-qPCR ПЦР тест — 20 миң даана:
•вирустук нуклеин кислотасын изоляциялоочу комплект (Virus Nucleic Acid Isolation Kit) — 20 миң даана:
•гидроксихлорохин дарысы — 10 миң куту:
•кычкылтек концентратору — 50 даана.

«Аталган грант түрк тарабынын кыргыз тарабына болгон достук жана жакшы ниетинин көрсөткүчү катары ишке ашырылууда. Жардамдар түздөн-түз КРнын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет», — деп кошумчалашты элчиликтен.

Количество просмотров: 96